"Медиазона" кабарлагандай, сот "аткезчилик" боюнча эпизоддун бирин кайра карагандан кийин жазаны катаалдаштырган.
Зохидовго карата кылмыш иши 2022-жылдын сентябрында козголгон. Мамлекетке чыккынчылык кылуу иштеринин көбү жашыруун болгондуктан, ал тууралуу дээрлик маалымат жок.
Былтыр ноябрда Москва шаардык соту Тажикстанда туулган Орусиянын жараны Зохидовду 13 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен.