Ссылки доступа

Amnesty International тажик президентин оппозиционердин камактагы уулун бошотууга үндөдү


Абдулло Шамсиддин
Абдулло Шамсиддин

Эл аралык Amnesty International уюму Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду оппозициячы Шамсиддин Саидовдун уулу Абдулло Шамсиддинди тез арада бошотууга үндөдү.

Уюм Абдулло Шамсиддин Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлеринин биринин уулу болгондуктан куугунтукталып жатат деп эсептейт. Тажикстан бийлиги Абдулло Шамсиддин боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Каттын авторлору тажик президентинен Абдулло Шамсиддиндин кайсы жабык мекемеде экенин ачыкка чыгарууну жана аны кыйноого албоону сурады.

Мурдараак эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Германиядан депортацияланган Абдулло Шамсиддин 7 жылга эркинен ажыратылганын кабарлаган. Оппозициячынын уулу “Тажикстандын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого” айыпталган.

Европа өлкөлөрүнүн биринде жашаган Абдуллонун атасы Шамсиддин Саидов уулу соттолгону тууралуу маалыматты тастыктаган.

“Рахмондун режими атамды өлтүрүп, мени 15 жылга соттоп, эми уулум Абдулланы 7 жылга эркинен ажыратты”, - деген ал.

Тажикстан бийлиги Абдулло Шамсиддиндин соту тууралуу маалымат берген эмес.

Германияда 2009-жылдан бери жашап келген 32 жаштагы Абдулло Шамсиддин мекенине 18-январда депортацияланган. Буга Германиянын миграциялык кызматына өз учурунда каттоого турбаганы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG