Палестиналык ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн тилкенин Саламаттык сактоо министрлиги АКШ, Израил аскерлери гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн күтүп жаткан элге ок атканын ырастоодо.
Палестиналык булактардын ырасташынча, жардамдын бөлүштүрүлүшүн күтүп жаткан ачка элге танктар жана автоматтардан ок атылган. Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги окуянын натыйжасында жүздөн ашуун киши өлүп, 760 адам жарадар болгонун билдирди.
Израилдин Коргоо күчтөрү окуя үчүн жабырлануучулардын өздөрүн күнөөлөп, аларды азык-түлүк кербенин тоноого аракет кылган деп айыптоодо. Аскер өкүлдөрдүн айтымында, газалыктар гуманитардык кербенди тоноого аракет кылганда жана жүк ташыган унаалардын бири сүзгөндө тыгылышка кабылышкан. Израилдин атын атабаган аткаминерлери The Washington Post гезитине аскерлерге каршы тап берген кишилерге гана ок атылганын айтышкан.
Египет, Иордания жана Палестина автономиясынын расмий бийлиги Израилдин аракетин айыптады.
АКШнын президенти Жо Байден бейшемби күнү журналисттерге бул окуя ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн зарылдыгын көрсөткөнүн, бирок бул татаалдашып кеткенин билдирди.
Бейшемби күнү Газанын Саламаттык сактоо министрлиги тилкеде аскердик операция башталгандан бери израилдик аскерлердин аракеттеринин натыйжасында 30 миңден ашуун адам набыт болгонун кабарлады.