Ссылки доступа

Түркмөнстан өзбек тектүү студенттерди окуу үчүн Өзбекстанга кое берген жок


2024-жылдын 2-сентябрынан 12-сентябрына чейин Түркмөнстан 50дөн ашык этникалык өзбектин  Өзбекстанга барып окуусуна уруксат берген эмес.

Жаштар Хорезм, Бухара облустарына, ошондой эле Каракалпакстандын жогорку окуу жайларына тапшырышкан, бирок чек арачылар аларды “Дашогуз-Шабат” жана “Фарап-Алат” өткөрмө бекеттеринен өткөрбөй коюшкан.

Түркмөн бийлиги баш тартууну Өзбекстандын бул билим берүү мекемелери Түркмөнстандын Билим берүү министрлиги бекиткен тизмеге кирбей калганы менен түшүндүрдү. Ошол эле учурда студенттер каржылык жактан көз карандысыз экенин жана мамлекеттик жеңилдиктерди албай турганын тастыктаган документтерди көрсөтүштү. Бирок майнап чыккан жок.

Бул жагдай студенттердин үй-бүлөлөрү менен укук коргоочулардын нааразычылыгын жаратты. Алар бийликтин аракеттери улуттук азчылыктардын укуктарын жана жарандардын билим алуу укуктарын бузуп жатат деп эсептешет. Түркмөн серепчилери бул чектөө өзбек тектүү жарандардын чет өлкөдө эне тилинде билим алуу укугу камсыздалганы тууралуу расмий билдирүүлөргө карама-каршы келерин баса белгилешүүдө.

Түркмөнстан бийлиги бул боюнча расмий түрдө комментарий берген жок.

XS
SM
MD
LG