Ссылки доступа

Тоолуу Карабакта он миңдеген киши эгемендик үчүн митингге чыкты


Степанакерт (Ханкенди) шаарындагы эгемендик үчүн митинг. 30-октябрь 2022-жыл
Степанакерт (Ханкенди) шаарындагы эгемендик үчүн митинг. 30-октябрь 2022-жыл

Азербайжандын өзүн Тоолуу Карабак республикасы деп жарыялап алган жикчил аймагынын баш калаасы Степанакерт (Ханкенди) шаарында эгемендик үчүн митинг өтүп, ага он миңдеген киши катышты.

Тоолуу Карабак республикасынын эгемендиги мурдагы советтик Тоолуу Карабак автоном облусунда жашаган этникалык армяндар тарабынан 1990-жылдардын башында жарыяланган. Анын көз карандысыздыгын дүйнөдөгү бир да өлкө тааныган эмес.

Жикчил аймактын өкмөт башчысы Артак Бегларяндын айтымында, митингге 40 миңге жакын киши катышты. Бул Тоолуу Карабакта жашаган жалпы элдин төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Көз карандысыз эсептерге ылайык, митингге чыккандардын саны 70 миңге чейин жетти. Алар колдоруна "Азербайжандын агрессиясын" токтотуу талаптары жазылган плакаттарды жана Орусиянын желектерин кармап турушту.

Степанакерттеги борбордук аянтта Тоолуу Карабак республикасынын Улуттук жыйынынын кезексиз сессиясы түз эфирде көрсөтүлдү. Анын жыйынтыгында депутаттар "аймакты Азербайжандын карамагына өткөрүү аракеттери" жол берилгис экени тууралуубилдирүү жана Армения менен Орусиянын бийликтерине кайрылуу кабыл алышты.

"Арцах (Тоолуу Карабактын армянча аталышы) эгемен Азербайжандын курамында болгон эмес жана эч качан болбойт. Бул идея азербайжан-карабак жаңжалын жөнгө салууга негиз болушу керек", – деп айтылат билдирүүдө.

Арменияга жолдонгон кайрылууда "эки армян республикасынын жалпы кызыкчылыктарын коргоо" талабы жазылган. Мындан тышкары депутаттар Орусияны "Арцах элинин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин улантууга" чакырып, аймактын жашоосуна коркунуч туудурган коркунучтарды эске алуу менен Москвага "кошумча саясий жана аскердик механизмдерди киргизүүнү" сунушташкан.

Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын суверендүү аймагы катары тааныйт. Бирок 1990-жылдардын башынан бери Баку ал аймактын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөбөй келген.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, кагылышкан. Анда эки тараптан 6500 адам мерт болгон. Орусиянын ортомчулугу менен аяктаган кыска согуштун жыйынтыгында Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Эки тарап ортосунда быйыл сентябрда катталган куралдуу кагылышууда 200дөн ашуун адам каза болгон.

Азербайжан менен Армениянын лидерлери – Ильхам Алиев менен Никол Пашинян 2022-жылдын соңуна чейин тынчтык келишимине кол коюу пландарын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG