Кыязы, Пескова жеке идентификациялык номерин 2022-жылдын сентябрына чейин алган, анткени номер Нур-Султан шаарынын мамлекеттик киреше башкармалыгында катталган. 2019-жылдын мартынан 2022-жылдын сентябрына чейин Казакстандын борбор шаары ушундай аталган, кийин мурдагы ысымы Астанага кайткан.
Украинага толук масштабдуу кол салуу болгондон кийин орусиялыктар жергиликтүү банктарда эсеп ачуу жана Visa менен Mastercard киргизген чектөөлөрдү кыйгап өтүү үчүн Казакстандан жапырт түрдө ИНН ала башташкан. Пескова бул кызматтан колдонон-колдонбогону белгисиз.
Евробиримдик менен АКШ Украинада согуш башталгандан кийин, 2022-жылы Елизавета Песковага санкция салган. 26 жаштагы Пескова санкцияны адилетсиз чечим деп эсептейт. Пескова 2022-жылы февралда Орусия Украинага кол салган кезде Инстаграм баракчасына “Нет войне” (“Согушка жол жок”) деген хэштег менен пост жарыялап, кийин өчүрүп койгон.
Пескова бир нече долбоорлор менен алектенет. Москвадагы кирешелүү "Центрум" жарнама агенттигинде 30% үлүшү бар. Атасы Дмитрий Песков – Путиндин жакын шериктеринин бири. Ал 2000-жылдан бери Кремлдин басма сөз кызматын жетектеп келет.