9-июнда АКШнын федералдык соту Трампка жашыруун документтерди мыйзамсыз алып жүргөн жана сот адилеттигине тоскоол болуу үчүн кутум уюштурган деген негизде 37 пунктан турган айыпты жарыялаган. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышкан.
Айыптардын арасында улуттук коргонууга байланыштуу маалыматты мыйзамсыз сактоо да бар. Федералдык прокурордун айтымында, Трамп жашыруун документтерди ар кайсы жерлерде, анын ичинде Флоридадагы жеке резиденциясындагы жууна турган жана бий бөлмөлөрүндө мыйзамсыз сактаган. Айыптоо корутундусунда баса белгиленгендей, Трамп колундагы досьелерди ФБРге жана Улуттук архивге кайтаруудан баш тарткан.
Эгер бул айыптар менен Трамп күнөөлүү деп табылса, эркинен да ажыратылышы ыктымал. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке каккан.
Бул арада Трамп 2024 жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу өнөктүгүн жүргүзүп жатат.
9-майда АКШда арачылар соту Дональд Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптуу деп таап, журналист жана жазуучу Жин Кэрроллго беш миллион доллар айып пул төлөөгө милдеттендирди.