Ссылки доступа

Египет Израил менен тынчтык келишимин токтотушу мүмкүн экенин эскертти

Каир эгер израил аскерлери Газа тилкесиндеги Египет менен чектеш Рафах шаарына кирип келсе, Израил менен түзүлгөн тынчтык келишимин токтотобуз деп коркутууда. Бул тууралуу Associated Press билдирди.

Кэмп-Дэвид келишимдерин токтотуу коркунучу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС тобуна каршы төрт айга созулган согушта жеңишке жетүү үчүн Рафахка аскерлерди киргизүү зарыл деп айткандан кийин болду.

Израил армиясынын кургактагы операциясы башталгандан кийин Газа тилкесинин жашоочуларынын дээрлик жарымы Рафакка качып барган. Ал жактагы палестиналыктардын көбү азыр Египет менен чек арага жакын жердеги чатыр лагерлерде жана БУУнун баш калкалоочу жайларында жашоодо.

Гуманитардык уюмдар Израилдин Рафахка жасаган чабуулу Газада ансыз да катастрофалык чекке жеткен гуманитардык кырдаалды начарлатышы мүмкүн деп эскертишүүдө.

ХАМАСтын өкүлдөрү Рафахка чабуул жасоо АКШ, Египет жана Катардын ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрүнө жана туткундарды алмашууга доо кетирет деп билдирди.

Израилдин премьер-министри ABC News телеканалы менен болгон маегинде Рафахтын карапайым калкы түндүккө көчүп кете аларын, ал жакта ХАМАСтан тазаланган аймактар бар экенин айтты. Ошол эле учурда Газанын түндүгүндөгү салгылашуулардан кийин олуттуу кыйроолор болуп, тилкенин борбордук бөлүгүндө айыгышкан салгылашуулар дагы эле уланууда.

Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн кишини барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек.

ЦАХАЛ Газага согуш жарыялап, аскердик операциясын баштаган. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карай 28 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын билдирди. Согушта ар кандай жараат алгандар 67 миңден ашты. Газа тилкесинин калкынын 80% жер которууга мажбур болду.

​
XS
SM
MD
LG