Ссылки доступа

Казакстан мобилизациядан качкан майорду Орусияга депортациялады (видео)


Мобилизация жарыялангандан кийин Казакстанга качып келген Орусиянын Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилин Орусияга экстрадицияланды.

Жилиндин жубайы “Азаттыктын” казак кызматына күйөөсүн Астанадан Семей шаарына алып кетишкенин билдирди.

“Бир жарым саат мурун ал мага чалып, Семей шаарында экенин жана аны чек арага алып барууга камданып жатышканын айтты”, - деп билдирди ал.

Адам укуктары боюнча бюронун директору Евгений Жовтис Жилин депортацияланып жатканын тастыктады. Укук коргоочу “Казакстан репутациялык жоготууларга карабай, көрсөтүлүп жаткан кысымдан улам Жилинди Орусияга өткөрүп бергенин” белгиледи.

“Качкын макамы тактала электе депортациялоого болбойт. Ал депортация боюнча биринчи жана экинчи соттон утулуп калды. Ал эми качкын макамы боюнча биринчи соттон уткан, экинчиси боло элек эле. Мындан тышкары атайын жол-жоболор бар: БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууга болот. Чындыгында алар азыр Качкындар макамы жөнүндө конвенцияны бузуп жатышат”, - деди Жовтис.

12-декабрда Астана соту Орусиянын Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилинди 40 суткага тергөө абагына камоо жөнүндө токтом чыгарган. Жилиндин жубайы, сот өкүмү онлайн режимде чыгып, ага байкоочулар катышпаганын айткан. Майордун жакындары бул чечимди даттанууга ниеттенип жатышкан.

Жилин декабрдын башында Арменияга учуп кетүүгө аракет кылган маалда Казакстандын борборунда кармалган.

Орусияда Михаил Жилин президент Владимир Путиндин аймактар менен өкмөттүк байланышына жооп берип, мамлекеттик сырларды билген. Буга байланыштуу анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Жилин жумуштан бошонуу укугунан ажыратылган. Мобилизация жарыялангандан кийин ал качып кетүүнү чечкен: майор Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өткөндө кармалып, бирок кийинчерээк кое берилген. Бир нече убакыт ал үй-бүлөсү менен Семей шаарында жашаган жана саясий башпаанек үчүн арыз тапшырган, бирок анын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Видео

XS
SM
MD
LG