"Ошентип, коммерциялык аянтчаларда билим берүү уюмдарынын атынан сынактарды өткөрүү токтотулду", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
"Эми чет элдик жарандар үчүн экзамендерди университеттер жана башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар гана өткөрөт. Иш-чаранын максаты – сапатка көзөмөлдү күчөтүү. Сынак өтүүчү жерлер бардык аймактарда пайда болот", - деп ырастады ведомство.
"Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракттан кийин Орусия мигранттарды жана алар менен иштеген ар кандай түзүмдөрдү текшерүүнү күчөттү. Анын жүрүшүндө Пушкин атындагы Орус тил институтунун ректору Наталья Трухановская кызматынан алынды.
Билим берүү жана илим министрлиги институт мигранттар үчүн орус тили, орус тарыхы жана орус мыйзамдарынын негиздери боюнча сынак алуу жакшы көзөмөлгө алынбаганын билдирди. Институт Трухановскаянын кызматтан алынышын "рейдердик басып алуу" деп атап, жаңы ректор менен иштешүүгө даяр эместигин кабарлады.
Күн мурун Москванын жанындагы Балашиха шаарында мыйзамсыз миграция уюштурган, пара алган жана берген деген айып менен 14 адам кармалганы белгилүү болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучулар Реутов жана Балашиха шаарларында 1500дөн ашык чет элдиктерге миграциялык каттоого турууга, жасалма сертификат алууга көмөктөшүшкөн.