Ссылки доступа

Өзбекстанда газ тартыштыгынан «Фаргоназот» заводунун иши убактылуу токтоду


«Фаргоназот»

Өзбекстанда минералдык жер семирткич чыгарган ири заводдордун бири болгон «Фаргоназот» өндүрүштү токтотту. Бул чечим жаратылыш газынын тартыштыгынан улам кабыл алынды. Завод газ менен иштейт.

Заводдун жумушчуларынын айтымында, 10-ноябрда газдын басымынын аздыгынан улам 10-ноябрда аммиак өндүрүү токтотулган.

Ишкананын администрациясы маалыматты тастыктады.

Заводдо өндүрүш иши токтогонуна байланыштуу ноябрь айы үчүн жумушчуларга кошумча акы, сый акы жана материалдык жардам да берилген жок. Алар нөөмөт графигинен күндүзгү графикке өтүүгө аргасыз болушту.

“Биз айыл чарбага керектүү минералдык жер семирткичтердин селитра жана карбамид сыяктуу ондогон түрүн чыгарабыз. Бул өнүмдөр аммиактан алынат. Газдын тартыштыгынан аммиак өндүрө турган цех иштебей калды, бул башка цехтердин да токтошуна алып келип жатат”, - деди жумушчулардын бири.

Башка бир жумушчу жыл сайын газдын жетишсиздигинен завод декабрдын аягында бир айга жабылып келгенин билдири. Бул жылы иш дээрлик эки ай эрте токтоду.

Видео

XS
SM
MD
LG