Ссылки доступа

Эрдоган: Украина менен Орусия 200 туткунду алмашууга макулдашты


Орусия менен Украина 200 туткунду алмашуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Эрдоган PBS телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

"200 туткун тараптар жетишкен келишимдин негизинде алмаштырылат. Алдыга маанилүү кадам жасалат деп ойлом", – деди түрк лидери. Ал бул боюнча кеңири маалымат берген жок.

Мындан тышкары Эрдоган Орусия Украинадагы согушту тезирээк аяктоого аракет жасап жатканын билдирди. Ал мындай бүтүмгө Өзбекстанда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкандан кийин келгенин айтты.

"Өзбекстанда Путин менен кеңейтилген жолугушуу болду. Алар муну тезинен аяктоого аракет кылып жатканын түшүндүм. Бул кырдаал – чоң маселе", – деди Эрдоган.

Москва Киев менен туткундарды алмашканын акыркы жолу июндун аягында кабарлаган. Анда тараптар 144кө 144 туткун алмашканын маалымдашкан.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш сентябрда жаатташкан тараптарды туткундарды "баарын баарына" форматында алмашууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG