Ссылки доступа

Лукашенконун Карабак жөнүндөгү сөздөрүнөн кийин Ереван Минсктеги элчисин чакыртып алды


Александр Лукашенко менен Никол Пашинян (архив сүрөт)
Александр Лукашенко менен Никол Пашинян (архив сүрөт)

Армениянын Беларустагы элчиси Размик Хумарян кеңешүү үчүн Ереванга чакыртылды. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги телеграм-каналы аркылуу кабарлады.

Күн мурун Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Александр Лукашенко бийликтен кетмейинче Беларуска барбай турганын, мындай чечимге анын Карабактагы согуш жөнүндө айткан сөздөрү себеп болгонун билдирген. Лукашенко быйыл майдын аягында Бакуга жасаган сапарында Азербайжандын Карабак үчүн согушун "аймагын бошотуучу согуш" деп атаган.

Пашинян Армениянын ЖККУдан чыгуу чечимине да беларус лидеринин Карабактагы согуш боюнча позициясы себеп болгонун билдирди. Буга чейин Ереван ЖККУдагы мүчөлүгүн дээрлик токтотуп, майдын башында аскердик уюмга каражат бөлүүдөн баш тартарын жарыялаган.

Пашинян ЖККУнун мүчөлөрү Азербайжан менен согушта Арменияга жардам бербегенин, тескерисинче, Бакуга көмөктөшкөнүн белгилеп, уюмду "көбүк уюм" деп атады. Ал эгер Беларус ЖККУдан чыгып же Лукашенко кечирим сураса, Ереван уюм боюнча позициясын өзгөртүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Пашиняндын бул билдирүүсү Арменияда оппозициянын нааразылык акциялары уланып жаткан учурда айтылды. Митинг катышуучулары Пашинянды Азербайжан менен чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө армяндардын улуттук кызыкчылыктарын эске алган жок деп күнөөлөп жатышат.

13-июнь күнү кечинде Беларустун Тышкы иштер министрлиги кеңешүү үчүн Армениядагы элчиси Александр Конюкту чакыртканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG