Ссылки доступа

ЕБ Навальныйдын өлүмү боюнча эл аралык иликтөөнү талап кылууда


Европа биримдиги (ЕБ) Орусиядан Алексей Навальныйдын күтүүсүз өлүмүн көз карандысыз жана ачык түрдө эл аралык иликтөөнү талап кылды.

Евробиримдик Орусиянын саясий жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу үчүн бардык аракеттерди көрөт. Атап айтканда, Москвага каршы жаңы санкциялар киргизилет. Бул тууралуу ЕБдин тышкы саясат департаментинин башчысы Жозеп Боррелл билдирди.

Ал Евробиримдиктин атынан Алексей Навальныйдын өлүмүнө нааразылыгын билдирип, жоопкерчиликти Орусиянын президенти Владимир Путинге жана орус бийлигине жүктөдү.

Дүйшөмбүдө Жозеп Боррел Евробиримдиктин Кеңешинде сүйлөп жатып, Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальнаяга, балдарына, досторуна жана тилектештерине көңүл айтты.

Брюссель Алексей Навальныйдын өлүмүн "күтүүсүз жана үрөй учурган" деп атады. Шаркет Орусияны башка бардык саясий туткундарды, анын ичинде Юрий Дмитриев, Владимир Кара-Мурза, Илья Яшин, Алексей Горинов, Лилия Чанышева, Ксения Фадеева, Александра Скочиленко жана Иван Сафроновду токтоосуз жана шартсыз бошотууга чакырды.

16-февралда Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы Алексей Навальныйдын каза болгонун расмий жарыялаган. Мекеменин маалыматында Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготкону айтылган.

Апасы Харп кыштагына эртеси күнү барганына карабастан, уулунун сөөгүн көрө албай жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG