Ссылки доступа

ЕБ кеңеши Украинага ок-дары жеткирүү үчүн миллиард евро бөлүүнү жактырды


Евробиримдиктин кеңеши Украинага 31-майга чейин ок-дарыларды берүү үчүн Европа фондунан  1 млрд евро бөлүүнү жактырды. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

20-мартта Евробиримдиктин 17 өлкөсү жана Норвегия Украинага 12 айдын аралыгында миллион артиллериялык ок-дары жеткирүүгө макулдашкан.

Бул планды ишке ашыруу үчүн жалпысынан 2 млрд евро бөлүнөт. ЕБ анын жарымына Украинага тез арада ок-дарыларды, анын ичинде 155 миллиметрлик артиллериялык снаряддарды жеткирет.

Дагы бир миллиард евро ЕБ өлкөлөрү Украина үчүн биргеликте сатып ала турган ок-дарыларга кеткен чыгымдын ордун толтурууга жумшалат. Мындан тышкары ЕБ мүчөлөрү коргонуу өнөр жайынын өндүрүштүк кубаттуулугун арттыруу боюнча комиссия түзүүгө макулдашты.

Мурдараак Франция менен Австралия бийлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн 155 мм калибрдеги снаряддарды чыгарууга макулдашкан.

XS
SM
MD
LG