Ссылки доступа

Еврокеңештин президенти: ЕБ Украинага оор курал-жарак сатып берет


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Евробиримдик оор курал-жарак сатып алууга жана аны Украинага бекер берүүгө макул болду. Бул тууралуу Еврокеңештин президенти Шарль Мишель "Европейская правда" басылмасына билдирди.

"Коопсуздук маселелеринен улам бул жөнүндө көп кабар болбойт. Бирок биз өз милдеттенмелерибизди аткарып, сиздерге курал беребиз", – деди Мишель.

Анын айтымында, согуш башталган эки айдан бери ЕБ European Peace Facility инструменти аркылуу Украинага 1,5 миллиард евро бөлдү.

21-апрелде АКШнын президенти Жо Байден Украинага Орусиядан коргонуу үчүн 800 миллион долларлык аскердик жардам жөнөтөрүн билдирген.

Ага артиллерия, тактикалык учкучсуз аппараттар жана башка курал-жабдык кирет.

Буга чейин АКШ, Улуу Британия жана Канада Донбассты коргоо үчүн Украинага көбүрөөк артиллерия берүүнү убадалаган.

АКШнын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Жон Кирби Вашингтон украин күчтөрүнө узак убакыт даярдыкты талап кылбаган системаларды жөнөтүүгө аракет кылып жатканын айткан.

Германиянын канцлери Олаф Шольц батыш лидерлери менен видеоконференция өткөргөндөн кийин Украинага жеткириле турган курал-жарактарга немис өндүрүшүнөн чыккан танкка каршы курал, абадан коргонуу каражаттары жана ок-дарылар кирерин маалымдады.

XS
SM
MD
LG