Ссылки доступа

ЕБ августтун аягына чейин орусиялыктарга шенген визасын берүүнү токтотууну талкуулайт


Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 10-августта Европа Биримдигине жана “Чоң Жетиге” мүчө бардык өлкөлөрдү Орусия жарандарына виза берүүнү токтотууга чакырды.

Бир нече күн мурда мындай сунушту Украина президенти Владимир Зеленский айткан. Ал Washington Post гезитине берген интервьюсунда Орусия Украинадагы агрессиясын токтотконго чейин Орусия жарандарына Европага виза берүүнү токтотууну, Европада жашаган орусиялыктардын визасын жана туруктуу жашоо укугун жокко чыгарууну жана мекенине кайтууга мажбурлоону талап кылган.

Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусияны жана орусиялыктарды изоляциялоо аракетин келечексиз деп атап, “акылмандык үстөмдүк кыларынан” үмүт арткан.

9-августта Финляндиянын премьер-министри Санна Марин орусиялыктарга фин визасын берүүнү чектөө керектигин билдирген.

“Орусия Европада агрессивдүү, ырайымсыз согуш жүргүзүп жатканда орустардын эч нерсе болбогондой Европада турист болуп саякаттап жүрүшү туура эмес”,- деп айткан.

Анын артынан Эстониянын өкмөт башчысы Кая Каллас дагы “орусиялыктарга туристтик виза берүүнү токтотууга” чакырган.

5-августта Латвия орусиялыктарга улуттук жана шенген визасын берүүнү токтоткон.

Евробиримдик өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери августтун аягында Прагада жолугушат. Кеңешмеде Орусия жарандарына туристтик шенген визасын берүүгө чектөө киргизүү маселеси да талкууланары күтүлүүдө.

Ошол эле маалда Еврокомиссия орусиялыктарга виза берүүнү толугу менен токтотуу болбой турганын, бул ЕБнын нормаларына каршы келерин билдирүүдө. "Виза бере турган кишилердин тобу дайыма бар. Буга гуманитардык учурлар, ЕБ өлкөлөрүнүн жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү, журналисттер жана дисиденттер кирет", – деди Еврокомиссиянын өкүлү Анита Хиппер.

Евробиримдиктин көптөгөн өлкөлөрү орусиялыктарга туристтик виза берүүнү улантууда, бирок туристтердин агымы кескин кыскарды. ЕБ өлкөлөрү менен Орусиянын ортосунда түз авиабайланыш жок – ал Украинада согуш башталган күндөрү токтотулган.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG