Соттун чечимине ылайык, азери өкмөтү ар бир арыз ээсине келтирилген зыян жана башка чыгымдары үчүн кенемте катары жалпысынан 6 миң евро (6 500 доллар) төлөп бериши керек.
"Азаттык" радиосунун азери кызматынын сайты 2017-жылы Бакудагы соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анда сайтка "зомбулук менен диний экстремизмди пропагандалаган, ошондой эле жапырт башаламандыктарга чакырган" контент жарыяланганы айтылган.
Азербайжанга каршы доо арызга дагы төрт ЖМК – "Азадлык" гезити, ошондой эле "Мейдан ТВ", "Туран" жана "Азербайжан сааты" телеканалдары кошулган. Бийлик аларды "ушак жана адамдарды адаштырган жалган маалыматтарды таратууга" айыптаган.
Арыз ээлери сайттарды бөгөттөөгө алардын өкмөттү сындаганы жана жемкорлук жөнүндөгү макалаларды чыгарганы себеп болгонун айтып келишет.
"Азаттыктын" азери кызматынын сайты президент Илхам Алиевдин үй-бүлөсүнүн жана жакын санаалаштарынын тиешеси болушу мүмкүн болгон каржы операциялары тууралуу журналисттик иликтөө жарыялагандан кийин бөгөттөлгөн.