Ссылки доступа

Eurovision-2023 ыр сынагы Украинада өтпөйт


2023-жылы Eurovision ыр сынагы Украинада өтпөйт. Бул тууралуу Европа телерадиоберүү бирикмесинин (EBU) билдирүүсүндө жазылган.

"EBU өкүнүү менен иш-чараны башка өлкөгө жылдыруу чечимин кабыл алганын билдирет. Азыр Eurovision-2023 өтө турган жерди тандоо маселесин талкуулоону улантып жатабыз", – деп жазылган билдирүүдө.

EBU бул чечимин уюштуруучулар иш-чаранын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү экендиги менен түшүндүрдү. Бирикеменин маалыматына караганда, мында кеп болжол менен 40 миң адамдын коопсуздугу жөнүндө болууда.

Уюштуруучулар мындай чечим кабыл алууда Украинадагы согуш "жылдарга созулушу мүмкүн экенин" айткан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин сөздөрүн да эске алышкан.

EBU украин тараптын катышуусу менен иш-чараны пландаштырууга таасирин тийгизе турган бир катар тобокелдиктерди аныктаган. Алардын арасында аба чабуулдары, дрондор же ракеталар менен кол салуу коркунучу бар.

Быйыл майдын ортосунда Италиянын Турин шаарында өткөн Eurovision сынагында украиналык "Калуш Оркестра" тобу "Стефания" деген ыры менен жеңишке жетип, Украина кийинки жылы сынакты өз аймагында өткөрүү укугуна ээ болгон.

XS
SM
MD
LG