Ссылки доступа

ФБР Пентагондун жашыруун документтерин ачыкка чыгарууга шектелген кишини кармады


ФСБ Пентагондун жашыруун маалыматтарын таратуу шеги менен Улуттук гвардиянын Массачусетс штатындагы Аскер-аба күчтөрүнүн чалгынчысын кармады.

Баштапкы маалыматтарга караганда, 21 жаштагы кызматкер жашыруун маалыматтарды социалдык тармактарда достору менен бөлүшкөн.

Шектүүнүн камалганы тууралуу Fox News телеканалы менен The New York Times гезити кабарлады. Алардын маалыматына караганда, шектүү 21 жаштагы Жэк Тейшейр болуп чыкты. Аны Steam оюн сервисиндеги профили боюнча аныкташкан.

Маалыматты АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд тастыктады. Тергөөнүн көрсөтмөсүнө ылайык, аскер кызматкери документтерди онлайн чатка жибериши мүмкүн. Анын билдиришинче, шектүүгө улуттук коргонууга байланыштуу жашыруун маалыматты мыйзамсыз алганы үчүн айып тагылат.

Тейшейр 13-апрелде Массачусетстеги үйүндө кармалган.

Пентагондун жашыруун маалыматтары аскердик чини төмөн, 21 жаштагы катардагы кызматкердин колуна кантип тийгени суроо жаратууда.

Мурдараак The Washington Post жашыруун маалыматтарды таратууга шектүү аны 20-30дай Discord геймер (интернет оюнчу) отурган чатка таратып, бул маалыматтарды дүйнө билиши керектигин айтканын жазган.

Сүйлөшүүлөрдө ал АКШ өкмөтүн, укук коргоо органдарын, чалгын кызматын "өз жарандарын кысуу" жана "караңгылыкта кармоо" аракети үчүн сындаган.

XS
SM
MD
LG