Ссылки доступа

Филиппин Орусиядан аскердик тик учактарды сатып алуу келишимин жокко чыгарды


Филиппиндин өкмөтү аскердик тик учактарды сатып алуу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.

Филиппин Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, Орусия Украинага кол салгандан кийин Москва менен аскердик жактан кызматташуу – АКШнын санкцияларына кабылуу тобокелдигин жаратат.

Маалыматка караганда, Орусиядан тик учактарды сатып алуу боюнча 227 миллион долларлык келишим Украинада согуш баштала электе түзүлгөн.

2021-жылы ноябрда кол коюлган макулдашууга ылайык, Орусиянын "Совтехноэкспорт" ишканасы филиппин армиясына 16 даана Ми-17 аскердик-транспорттук тик учак жеткириши керек болчу.

Филиппиндин мурдагы коргоо министри Дельфин Лоренцандын айтымында, Орусия менен аскердик кызматташтыкты улантуу үчүн АКШнын санкциясына кабылып калуу тобокелчилиги өтө жогору. Ал Филиппинге Ми-17 тик учактарынын ордуна АКШ өз өндүрүшүндөгү тик учактарды бериши мүмкүн экенин кошумчалады.

Ми-17 — жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга ылайыкташкан көп багытуу тик учак. Ал 26 адамды же 8 тоннага чейин жүктү алып жүрө алат.

Апрель айында Индия Орусиядан 48 даана Ми-17В5 үлгүсүндөгү аскердик-транспорттук тик учакты сатып алууну кийинкиге калтыруу чечиминкабыл алган.

XS
SM
MD
LG