Буга чейин Liberation басылмасы Париж прокуратурасынын билдирүүсүнө таянып, өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган Дуровдун "бардык паспорттору алынарын" жазган. Дуровдо Орусиянын, Франциянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Сент-Китс жана Невистин жарандыктары бар.
Сидорованын айтымында, эгер Дуров Франциянын аймагынан чыгууга аракет кылса, ал кайра камакка алынышы мүмкүн.
Париж соту Дуровду Франциядан чыкпоо тил каты менен 28-августтун кечинде камактан бошоткон. Ошондой эле ал күрөөгө беш миллион евро коюуга жана жумасына эки жолу полицияга барып турууга милдеттендирилген.
Дуров Париждин четиндеги "Ле-Бурже" аэропортунда 24-августта Азербайжандан жеке учагы менен келгенде кармалган. Франциянын бийлиги аны төмөнкү кылмыштарга айыптап жатат:
- Уюшкан топтордун мыйзамсыз келишимин ишке ашыруу үчүн онлайн-платформаларды башкарууга катышуу;
- Укук коргоо органдарынын сурамы боюнча тергөөгө керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тартуу;
- Жашы жете электер менен тартылган порнографиялык контентти сактоого катышуу;
- Мындай контентти таркатууга катышуу;
- Маңзат таратууга жана сактоого катышуу;
- Киберкылмыштарга катышуу;
- Уюшкан кылмыштуу топтун курамында алдамчылыкка катышуу;
- Оор кылмыш жасоо максатында кылмыштуу бүтүмгө баруу;
- Акча адалдоо;
- Лицензиясыз криптологиялык кызматтарды көрсөтүү;
Криптологиялык жабдууларды алдын ала декларациядан өткөрбөстөн жеткирүү;
Мындай жабдууларды импорттоо.
Эгер Дуровго бул айыптоолордун баары тагылса, анда ал ондогон жылдарга соттолушу мүмкүн.