Ссылки доступа

"Газли": Бахтиёр Фазылов – негизги бенефициар


Gazli Gas Storage компаниясы "Оздоликтин" журналисттик иликтөөсүнө жооп катары билдирүү таратты.

Билдирүүнүн авторлору маалыматты "негизсиз жана дискредитация" деп атап, бирок кайсы маалымат негизсиз же жалган экенин так көрсөтүшкөн эмес.

"2023-жылдын октябрында корпоративдик реструктуризациялоонун натыйжасында мурда орусиялык "Форус" ачык акционердик коомуна таандык болгон уюмдун үлүшү Гонконгдо катталган Daxon Holdings Limited компаниясына өткөрүлүп берилген. Бахтиёр Фазылов реструктуризацияга чейин да, андан кийин да негизги бенефициар бойдон калды", -деп айтылат билдирүүдө.

Расмий билдирүүдөгү бул фраза Бахтиер Фазылов жана анын Путинге жакын олигарх өнөктөштөрү Өзбекстандын энергетика тармагын фейк адамдарга катталган компаниялар аркылуу басып алышканы тууралуу "Озодликтин" иликтөөлөрүндө ачыкка чыккан схеманы тастыктады.

"Оздоликтин" иликтөөсүндө орус-өзбек инсайдердик тармагын башкаргандардын бири - Өзбекстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчилери менен бизнес байланыштары бар, коомчулукка белгисиз самарканддык ишкер Бахтияр Фазилов экени айтылган. Ал Мирзиёевдин энергетикалык программасына катышкан негизги курулуш жана тоо-кен компанияларын көзөмөлдөйт.

2018-жылдын октябрь айында Путиндин Өзбекстанга сапарынын алдында Gazli Gas Storage компаниясынын 60% акциясы орусиялык “Форус” компаниясына, калган 40% мамлекеттик “Узтрансгаз” ААКсына таандык болгон.

2018-жылдан 2021-жылга чейин "Форустун" жалгыз негиздөөчүсү Аида Чахалия болгон.

Чахаля Путиндин жакын досу жана “капчыгы” аталган Геннадий Тимченкого байланышы бар компанияда катчы болуп иштеген. "Форуска" чейин Чахалия кагаз жүзүндө Тимченконун жүзүмзарларына да ээлик кылган.

Акыркы алты жылда энергетика тармагына миллиарддаган доллар бөлгөн президент Мирзиёевдин өкмөтү 2 триллионго жакын газ кору бар өлкөнүн калкын эмнеге суукка жана караңгы жашоого кептегенине түшүндүрмө бере элек.

XS
SM
MD
LG