Маалыматка караганда, Абдурахмонов бейбаштыкка, курал-жаракты мыйзамсыз сактоого жана уюшкан кылмыштуу топтун ишине катышууга күнөөлөнгөн. Сотто ал айыптоолорду четке каккан.
Хасанали Абдурахмонов жана анын улуу агасы Гуломали Аембеков 23-июлда кармалган. Буга чейин Гуломали Аембеков, Хайримамад Дустмамадов жана Аслан Гулобов генерал Абдулло Назаровдун өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылганы кабарланган.
Толиб Аембеков 11-июнда башка жергиликтүү лидерлер менен чогуу кармалган. Расмий маалыматта алар бир катар оор кылмыштарды жасоого, анын ичинде киши өлтүрүүгө, бейбаштыкка, талоончулукка, аткезчиликке жана маңзат, ок-дары, баалуу таштарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, кылмыштуу топ түзүүгө, жапырт башаламандыкка айыпталып жатканы айтылган.