Ссылки доступа

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинадагы аннексиясын айыптады


БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинанын Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын аннексиялап алганын айыптаган резолюция кабыл алды. Резолюцияны БУУга мүчө 193 өлкөнүн 143ү колдоду. Беш өлкө гана каршы добуш берди, арасында Орусиянын өзү да бар.

Каршы чыккандар – Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Никарагуа.

Европанын дээрлик бардык өлкөлөрү, Латын Америка, Африка жана Азия өлкөлөрүнүн көбү "макул" деген добушун берди. 35 өлкө, анын ичинде Кытай, Индия, Түштүк Африка, Пакистан, Борбор Азиядан Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан калыс бойдон калды.

Буга чейин Орусиянын ветосунан улам БУУнун Коопсуздук кеңеши ушундай эле резолюцияны четке каккан. Ошондуктан долбоор Башкы ассамблеянын атайын сессиясында каралган.

Резолюция президент Владимир Путин өткөн айда эл аралык коомчулук Украинага таандык деп тааныган төрт аймакта Орусияга кошулуу боюнча өткөргөн "референдумду" жана "мыйзамсыз аннексиялоо аракетин" айыптайт. Документ БУУну жана эл аралык уюмдарды Орусиянын чек араларды өзгөртүүлөрүн тааныбоого чакырат, Москвадан өз чечимдерин "дароо жана эч кандай шартсыз жокко чыгарууну" талап кылат.

АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын колдоду. Ал "Орусия картадан суверендүү өлкөнү өчүрүп сала албай турганын" билдирди.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG