Ссылки доступа

Германиядагы төңкөрүш аракети: оңчул радикал кыймылдын 25 катышуучусу кармалды


Германияда 7-декабрь күнү эртең менен күч кызматкерлери ири масштабдагы атайын операция жүргүзүп, төңкөрүшкө даярдык көрүүгө шектелген оңчул радикалдык кыймылдын бери дегенде эле 25 мүчөсүн кармашты.

Операцияга үч миңдей күч кызматкери катышты: алар шектүүлөргө тиешеси бар 137 кыймылсыз мүлк объектилерин текшеришти.

Германиянын юстиция министри твиттерге: "Федералдык прокуратура "рейхсбюргерлердин" арасындагы террордук түйүндөргө карата тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бийликтин конституциялык органдарына куралдуу кол салуу пландалганы боюнча шектенүү бар", – деп жазды.

Бардыгы болуп 25 киши кармалды, алардын ичинен 22си уюмдун мүчөлүгүнө шектелүүдө. Калган үчөө – анын ичинде Орусия жараны уюмдун тарапташы катары каралууда. Германия прокуратурасынын маалыматына караганда, орус жараны уюмдун мүчөлөрүнө Орусиянын Германиядагы өкүлдөрү менен байланышууга жардам берип турган. ТАСС агенттиги Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгү мыйзамсыз түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен байланышта эместигин билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Германияда мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга шектелгендер Орусиянын өкүлдөрү менен жолугушканын, бирок колдоо болбогонун да маалымдады.

"Рейхсбюргерлер" кыймылы 1980-жылдары пайда болгон. Анын мүчөлөрү Германияны таанышпайт жана өздөрүн "герман рейхинин" жарандары деп эсептешет. Алар өздөрүнө жок империянын паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрүн жасап алышкан. Германияда кыймылдын 21 миңдей тарапташы бар.

XS
SM
MD
LG