Ссылки доступа

Германия Украинага "Леопард" танктарын берүүгө макул болду


Германия Украинага "Леопард" танктарын берүүгө макул болду. Бул тууралуу 24-январда Der Spiegel журналы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага кыйла заманбап модификациядагы "Леопард 2" танктарын берүү чечимин кабыл алды. Der Spiegel белгилегендей, кеп бери дегенде эле он танк жөнүндө болууда.

Берлин мындан тышкары башка өлкөлөрдүн да немис өндүрүшүндөгү танктарды Украинага жеткирүүсүнө уруксат берүүгө ниеттенип жатат.

Буга чейин Польша, Нидерланд жана Испания Берлин уруксат берсе Украинага "Леопард" танктарын жөнөтөрүн билдиришкен. Бул өлкөлөргө Италия, Дания жана Финляндия да кошулушу мүмкүн экени айтылууда.

ABC телеканалы анонимдүү украин булагына таянып, Киевге Германиянын уруксаты менен 12 өлкө болжол менен 100гө жакын "Леопард" танктарын берүүнү убадалаганын маалымдады.

Ал ортодо The Wall Street Journal гезити өз булактарына шилтеме кылып, АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага М1 "Абрамс" танктарын берүүгө ыктап жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG