Ссылки доступа

Германия Украинаны колдоо үчүн кошумча 12 миллиард евро бөлөт


Германиянын коргоо министри Борис Писториус жана чопкутталган Marder техникасы
Германиянын коргоо министри Борис Писториус жана чопкутталган Marder техникасы

Шаршемби күнү Бундестагдын бюджет комитети 2032-жылга чейин Украинаны колдоого 12 миллиард евро өлчөмүндө кошумча каражат бөлүүнү жактырды. Бул сумманын төрттөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү быйыл берилет. Бул тууралуу AFP агенттиги комитеттин төрагасына шилтеме кылып кабарлады.

Каражат Украинага түздөн-түз курал-жарак берүүгө же бундесвердин запастарын толуктоо үчүн курал сатып алууга багытталат. Өткөн жылы Украинага оор куралдардын түрлөрүн берүүнүн жыйынтыгында немис армиясынын арсеналы кыйла кыскарган.

Бундестагдын бюджет комитети пландалбаган коргонуу чыгымдары үчүн быйыл 3,24 миллиард евро бөлүүнү жактырды. 2032-жылга чейин жалпысынан дагы 8,82 миллиард евро бөлүнүшү керек.

2022-жылы февралда Украинада согуш башталгандан бери Германиянын пландык бюджетинен Киевге аскердик жардам көрсөтүү үчүн 3 миллиард евро бөлүндү.

XS
SM
MD
LG