Ссылки доступа

Немис басылмалары: НАТО өлкөлөрү Украинага танк жана учак берүүнү каалабайт


 "Леопард" танктары
"Леопард" танктары

НАТОго мүчө өлкөлөр арасында Украинага танк менен аскердик учак бербөө жөнүндө жашыруун келишим бар. Бул тууралуу Германиядагы DPA агенттиги менен Die Zeit басылмасы өз булактарына шилтеме жасоо менен кабарлашты.

Өз булактар НАТО мамлекеттери Украинаны колдоп жатканына карабастан түндүк атлантикалык уюм менен Орусиянын ортосунда түздөн-түз тирешүүнү бутасы болуп калууну каалабайт. Буга байланыштуу Киевге курал-жарактын айрым түрлөрүн бергиси келбейт.

Документ түрүндө келишим болбогондуктан, НАТО мамлекеттери курал-жарак берүү-бербөө маселесин өз алдынча чече алышат. Маселен, Польша Украинага МиГ-29 истребителдерин, Гремания брондолгон оор техника берүүдөн баш тартты.

Бир катар өлкөлөр, анын ичинде Польша менен Чехия брондолгон техниканы Украинага жиберген, бирок алар совет үлгүсүндө жасалган.

“Орусия батыш үлгүсүндөгү аскердик танктар менен аскердик учактардын жеткирилишин согуш ачуу катары эсептеп, андан соң курал менен жооп бериши мүмкүн деген кооптонуулар бар”, - деп жазды DPA.

Бейшембиде Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда Германия канцлери Олаф Шольц НАТО өлкөлөрү Орусия менен түздөн-түз тирешүүгө баруудан качарын, ошол эле маалда Украина сыяктуу эле Батыш да “Владимир Путиндин шарттарын” кабыл албай турганын айткан.

Буга чейин Шольцтун өкмөтү Орусияга каршы турууда жана Украинага колдоо көрсөтүүдө чечкиндүүлүк көрсөтпөй жатат деп сынга алынган.

Украина батыш өлкөлөрүнөн оор техника сурап жатат, анын көмөгү менен Орусиянын мизин кайтарып, чабуулга өтүүнү көздөйт. Батыштагы бир нече өлкө, анын ичинде АКШ жана Улуу Британия Киевге артиллерия системалары менен абадан коргонуучу техника берген. Дания Украинага “Гарпун” ракеталарын берери айтылды. Анын жардамы менен Орусиянын Кара деңиз флотундагы кемелери бутага алынышы мүмкүн.

Бейшембиде Израиль танктарга каршы Spike ракеталарын Орусияга берүүдөн баш тартканы белгилүү болду. Маалыматка караганда, Израиль Украинага учпай турган аскердик техника гана берүү ниетин билдирди.

XS
SM
MD
LG