Ссылки доступа

Нурсултан Назарбаев кол тийбестигинен ажыратылды


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев "Казакстандын биринчи президенти – Елбасы тууралуу" мыйзамдын күчүн жокко чыгарган жарлыкка кол койду.

Бул мыйзамда өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар артыкчылыктар, анын ичинде мамлекеттин эсебинен өмүр бою коопсуздугун каржылоо жана күзөт берүү каралган.

Мындан тышкары Токаевдин жарлыгы менен Назарбаев өзү ээлик кылган мүлктөрдүн кол тийбестигинен, анын жакындары жеке кол тийбестигинен ажыратылды.

Мажилис депутаттары өткөн айда конституциялык мыйзамды жоюуну бир добуштан колдоп, экс-президент Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген конституциялык мыйзамды жокко чыгарган. Ага чейин Конституциялык сот "Биринчи президент тууралуу" мыйзамды 2022-жылдын июнь айындагы жалпы улуттук референдумдун жыйынтыгына карап жокко чыгарган.

Казакстанда 2022-жылдын июнь айындагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда ондон ашык оңдоп-түзөтүүлөр кирген. Мындан тышкары Баш мыйзамдан биринчи президент тууралуу бардык жобо алынган. Назарбаев "Ардактуу сенатор" наамынан да кол жууган. Бул мыйзам 2020-жылы кабыл алынып, бир нече жолу оңдоп-түзөтүүлөр киргизилген.

Казакстанда экс-президенттин кол тийбестиги Конституцияда жана "Президент жөнүндө" мыйзамда жазылган. Бул мыйзамдын 36-беренесинде "мурдагы мамлекет башчы мамлекетке чыккынчылык кылган учурларды кошпогондо, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт" деп жазылган.

Казакстанда 30 жылдай бийликте турган Нурсултан Назарбаевдин жакындары жана санаалаштары өлкөдөгү эң таасирдүү фигураларга айланган. Агасы, кыздары жана күйөө балдары курулуш, соода, транспорт жана банк тармагында эбегейсиз бизнеске ээ болуп, байыган. Алардын байлыгынын булактары ачык айтылбайт. Батышта Назарбаевдердин кыймылсыз мүлкүн "күмөндүү каражаттарга" сатылып алынган деген жүйө менен камакка алууга аракет кылган учурлар болгон.

Токаевдин оппоненттери анын демилгелери жылдап гүлдөгөн коррупциядан, автократиялык системаны арылууга багытталбаганын сындап келишет.

XS
SM
MD
LG