Борбордук клиникалык оорукана РБК басылмасына Магановдун өлүмүн ырастап, бирок окуянын чоо-жайын билдирген эмес.
РЕН ТВ телеканалынын маалыматына караганда, компаниянын 67 жаштагы топ-менеджери клиниканын 6-кабатындагы бөлүмдө дарыланып жаткан. Mash телеграм-каналы Маганов жүрөк оорусунан улам терапия бөлүмүндө жатканын жазды. Буга чейин ага депрессия диагнозу да коюлган.
РБК өз булактарына таянып, окуянын версияларынын бири катары өз жанын кыюу каралып жатканын кабарлады. Учурда клиникада полиция кызматкерлери менен Тергөө комитетинин өкүлдөрү иштеп жатканы айтылды.
"Лукойлдун" директорлор кеңешинин курамына 1993-жылы кирген Равиль Маганов 2006-жылы компаниянын биринчи вице-президенти кызматына дайындалып, чалгындоо жана өндүрүү тармактарын башкарган. 2020-жылы директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ал компаниянын "Лукойл" деген аталышынын автору болуп да эсептелет.