Ссылки доступа

"Грэмминин" негизги сыйлыктарын аялдар алды


Тейлор Свифт "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде. 5-февраль 2024-жыл
Тейлор Свифт "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде. 5-февраль 2024-жыл

АКШнын Лос-Анжелес шаарында атактуу "Грэмми" музыкалык сыйлыгынын ээлери аныкталып, 5-февралга караган түнү тапшыруу аземи өттү.

Өткөн жылдын мыкты альбому деп Тейлор Свифттин Midnights ырлар жыйнагы табылды. Ал мындай төрт статуэткасы бар алгачкы ырчы болуп калды. "Бул менин жашоомдогу эң бактылуу учур деп айткым келет. Мен ырдап бүткөндө да бул бакытты сезем. Мен муну улантууну каалайм", – деди Свифт сыйлык алып жатып.

Ырчы быйыл апрелде The Tortured Poets Department аттуу жаңы альбому чыгарын кошумчалады.

"Жылдын ыры" номинациясында "Барби" тасмасы үчүн жазылган What Was I Made For? ыры менен Билли Айлиш жеңишке жетти. Бул Селион Дион 1999-жылы "Титаниктеги" My Heart Will Go On чыгармасы үчүн бул сыйлыкты алгандан берки кинотасмадагы ыр "Жыл мыктысы" деп аталган алгачкы учур болуп калды.

Мыкты жаздыруу жана мыкты жеке поп-аткаруу номинациясында Flowers аттуу феминисттик ыры менен Майли Сайрус жеңүүчү деп аталды. Бул 31 жаштагы ырчынын карьерасындагы алгачкы статуэтка болуп калды.

Виктория Моне жылдын мыкты жаңы аткаруучусу деп табылды. Ошондой эле ал R&B альбом номинациясында да жеңүүчү деп аталды.

"Грэмминин" үч номинациясында жеңүүчү болгон кыз-келиндердин boygenius тобунун мүчөлөрү костюмдарына Газа тилкесиндеги ок атууну токтотуу чакырыгы жазылган төш белгилерди тагып чыгышты. Сахнада сүйлөгөн ырчы Энни Ленокс да ушундай эле чакырык жасады. "Артисттер ок атууну токтотууну колдойт. Дүйнө жүзүндө тынчтык болсун", – деди ал.

XS
SM
MD
LG