Ссылки доступа

Орусияда өзбек биримдигинин жетекчиси "террорчулардын" тизмесине киргизилди


Усман Баратов
Усман Баратов

Орусиянын Юстиция министрлиги өзбекстандыктардын "Ватандош" биримдигинин жетекчиси Усман Баратовду экстремисттер жана террористтер деп аталган тизмеге киргизди. Бул тууралуу “Новая газета Европа” басылмасы жазды.

Орус бийлиги Баратовдун экстремизмге же терроризмге кандай байланышы бар экенин ачыктаган эмес.

Усман Баратов 19-январдан бери Москвадагы тергөө абагында. Ал социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн "жек көрүүнү же кастыкты козуткан" деп айыпталууда.

Былтыр декабрь айында Баратов тоок жумурткасынын кескин кымбаттаганына байланыштуу билдирүү жарыялаган. Ал өзүнүн постунда тооктордун сүрөтүн коюп, "Силерге жумуртка эмес балакет да жок! Фронттон корооздорду кайра алып келгиле" деп жазган.

Анын бул постуна алгачкылардан болуп кремлчил блогерлер көңүл буруп, ал орус бийлиги "атайын аскердик операция" деп атаган Украинадагы согуштун катышуучуларын "кемсинтип" жатканын билдиришкен. Алар Баратовдун бул билдирүүсүнө байланыштуу Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге жамааттык кат жазып, ага каршы кылмыш ишин козгоону талап кылышкан.

Көп өтпөй Баратов кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, "Ватандоштун" жетекчиси "Орусия жарандарынын тобун, анын ичинде "атайын аскердик операциянын" катышуучуларын кемсинткен".

Баратов өзү кылмыш иши боюнча комментарий берип, "тооктордун сатиралык сүрөтүнүн согуштун катышуучуларына эч кандай тиешеси жок экенин" билдирген.

XS
SM
MD
LG