Ссылки доступа

Голливуд актеру Кевин Спейси сексуалдык асылуу үчүн сот алдында жооп берет


Бейшембиде Улуу Британияда голливуд актеру Кевин Спейсинин соту болот. Үч британиялык аны сексуалдык асылууга, алардын бири зордуктоого айыптоодо.

62 жаштагы Спейси 2000-жылдардын аягында жаш жигиттерге сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө күнөөлөнүүдө.

Британ прокуратурасы Спейсиге өткөн аптада айып таккан. Бейшемиде актер Лондондун Вестминстер округундагы сотко келиши керек. Спейси ABC телеканалына берген маегинде күнөөнү мойнуна албай турганын, Лондонго өзүн коргоо үчүн барарын айткан.

Спейсинин кинокарьерасы 2017-жылы актер Энтони Рэпп Спейси ага 14 жашында тийишкенин айткандан кийин талкаланган. Фильм жана сериалдарда роль албай калган. “House of Cards” сериалын жараткан MRC студиясы Спейсиден 31 миллион доллар талап кылган. Студия начар репутациядагы актерго башкы ролду берүү менен моралдык зыян тартканын билдирген.

“House of Cards” сериалына катышкан актерлордун бири да Спейси асылганын билдирген, бирок анда Массачуссетс прокуратурасы ишти жаап койгон. Спейси 2003-2015-жылдары көркөм жетекчи болуп иштеген Лондондогу Old Vic театрынын актерлору жана кызматкерлери да аны харассментке күнөөлөшкөн.

XS
SM
MD
LG