Мекеменин сайтындагы билдирүүдө издөө жарыяланган жарандар "16-18-май күндөрү Тоолуу Бадахшандын Рушан районундагы террордук актыларды жасоого катышканы" жазылган. Алардын баары Рушан районунун тургундары.
"Бомдод" сайтынын маалыматына караганда, ИИМ нааразылык акциялар менен "антитеррордук операциядан" кийин качып кетүүгө үлгүргөн жарандарга издөө жарыялаган.
Буга чейин тажик ИИМи Рушан районунун 46 жашоочусунун тизмесин жарыялап, аларды "кылмыштуу жана экстремисттик-террордук топтордун" мүчөсү деп атаган. Шектүүлөрдүн жакындары алар карапайым жашоочулар экенин, эч кандай кылмыштуу топко катышы жоктугун айтышкан.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда бийлик "8 жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Бирок "Озоди" радиосу жергиликтүү тургундарга 21 кишинин сөөгү берилгенин жазган. Кийинчерээк бул маалыматты радионун жергиликтүү милиция бөлүмүндөгү булактары ырасташкан. 22-майда Хорог шаарында Тоолуу Бадахшандын бейформал лидери эсептелген Мамадбокир Мамадбокиров өлтүрүлгөн.