Ссылки доступа

Мамдума бөгөттөлгөн сайттарга жарнама жайгаштырууга тыюу салган мыйзамды биринчи окууда жактырды


Орусиянын Мамлекеттик Думасы өлкө аймагында экстремисттик деп табылган уюмдардын сайттарына жана бөгөттөлгөн ресурстарга жарнама жайгаштырууга тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Мамдуманын сайты кабарлады.

Негиздеме маалымкатта Орусияда экстремисттик деп табылган Meta корпорациясына таандык Instagram жана Facebook социалдык түйүндөрүнө да жарнама жайгаштырууга тыюу салынары белгиленген.

"Бөгөттөлгөнү менен азыр бул соцтүйүндөрдүн Орусиядагы аудиториясы чоң. Анткени көбү VPN аркылуу колдонууну улантып жатышат. Мыйзам Орусияда бул сыяктуу уюмдарга жарнамадан акча табууга мүмкүндүк берген жылчыктардын баарын жабышы керек", – деди мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Александр Хинштейн.

Документ Мамдумага быйыл 21-июнда киргизилген.

Жыл башында Орусияда "чет элдик агент" деп аталган ресурстарда жарнама жайгаштырууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Орусияда жүздөгөн уюм экстремисттик деп табылса, бөгөттөлгөн ресурстардын саны 100 миңдеп саналат. Сайттарды бөгөттөө Украинадагы согуш башталгандан кийин кескин күчөгөн.

XS
SM
MD
LG