Ссылки доступа

Орус жарандыгын алган чет өлкөлүктөр үчүн аскерге чакыруу курагын 50 жашка чейин жогорулатуу сунушталды


Мамлекеттик Думага Орусиянын жарандыгын алган чет өлкөлүктөр үчүн аскерге чакыруу курагын 50 жашка чейин жогорулатуу сунушталган мыйзам долбоору келип түштү.

"Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" документ парламенттин төмөнкү палатасынын сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында орус жарандыгын алган теги чет өлкөлүк адамдар аскердик каттоого турбай же жарандыкты аскерге чакыруу курагынан ашкандан кийин алып жатышканы белгиленген. 2024-жылдын 1-январынан тарта Орусияда аскерге чакыруунун эң жогорку курагы 30 жашты түзүп калган.

Мыйзам долбоорун "Бирдиктүү Орусия" фракциясынан депутаттар Александр Бородай менен Михаил Шеремет жана ЛДПРдин депутаты Алексей Журавлев демилгелеген.

Орусия Украинага кол салгандан кийин орус бийлиги бул согушка мигранттарды азгыра баштаган. 2023-жылы орус жарандыгын алган, бирок армияда кызмат өтөбөгөн мигранттарга өзгөчө көңүл бурулду. Жыйынтыгында Москва жана Санкт-Петербург шаарларында көптөгөн рейддер жүрүп, мигранттардын документтери жапырт текшерилди. Алардын ичинен орус жарандыгы барлары аскердик коммисариаттарга жөнөтүлүп же аскердик каттоого турбаганы үчүн жоопкерчиликке тартылган.

Өткөн жылы октябрда Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспортун алып, бирок Украинадагы согушка катышуудан баш тарткан мигранттарды орус жарандыгынан ажыратууну сунуштаган.

"Аларды атайын аскердик операцияга тартуу керек деп ойлойм. Орусиянын жараны болуп туруп өзүнүн аскердик милдетин аткарууга даяр эмес болсо, анда мындай адамдарды жарандыктан ажыратуу зарыл", – деген Бастрыкин.

Декабрда Орусияда аскердик каттоого турбаган мигранттар жарандыктан ажыратыла баштаган. Москванын Тергөө комитети аскерде кызмат өтөөдөн качуу фактысы боюнча борбор азиялыктарга каршы 22 кылмыш ишин козгогон. 80 жаран Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG