Reuters агенттиги ХАМАСтын жогорку даражалуу өкүлүнүн билдирүүсүнө таянып кабарлагандай, согушкерлер БУУнун резолюциясында сунушталган пландын чоо-жайын талкуулоого даяр. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бул кабарды "үмүттөндүрүүчү белги" деп атады.
Сүйлөшүүгө ортомчу болуп жаткан Катар менен Египет ХАМАСтан расмий жооп алышканын билдиришти. ХАМАС жана анын "Ислам Жихады" тобундагы палестиналык өнөктөштөрү шейшембидеги биргелешкен билдирүүсүндө Газадагы согушту токтотуу боюнча "позитивдүү макулдашууларга жетишүүгө даяр экендиктерин" белгилешти.
10-июнда БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуш кылган планын колдогон резолюция кабыл алган.
Планды май айынын соңунда АКШ президенти Жо Байден сунуш кылган. Биринчи этабында Израилдин абактарында отурган палестиндерди жана ХАМАС барымтада кармап турган израилдиктерди айырбаштоо, ок атышууну убактылуу токтотуу каралган.
Экинчи этабында барымтадагылардын баарын бошотуу, атышууну толук токтотуу жана Газадан Израилдин бардык аскерлерин чыгарып кетүү сунушталууда.
Эл эми акыркы этабында секторду калыбына келтирүү боюнча эл аралык планды иштеп чыгуу жана ХАМАСтын колунда барымтада каза болгондордун сөөгүн Израилге өткөрүп берүү каралууда.
Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулса, айрымдары каза болгону кабарланган.
Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.
Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан ашуун убакыттан бери бул сектордо жашаган 37 миңден ашуу палестиналык каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Мекеме жарыялаган сан күмөн жаратпай турганын БУУ маалымдаган.