Ссылки доступа

Блинкен араб өлкөлөрүнүн сунушун талкуулоо үчүн Израилге барды


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Салман Аль Сауд
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Салман Аль Сауд

Бир нече араб өлкөсү жана Түркия АКШ менен биргеликте Газанын саясий келечегин аныктоо жана аймакта узак мөөнөттүү коопсуздукка, туруктуулукка жетишүү боюнча аракеттерди координациялоого даяр. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

Блинкен Жакынкы Чыгышка жасаган сапарынын алкагында Түркияга, Грекияга, Иорданияга, Катарга, Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Арабиясына барды. Дүйшөмбү күнү ал Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман Ал Сауд менен жолуккандан кийин Эр-Рияд Израил менен дипломатиялык мамилелерди орнотууга "кызыгуусун" билдиргенин, бирок бул үчүн Газада согуш токтоп, Палестин мамлекетин түзүүгө кадамдар жасала башташы керек деген шарт коюлганын айтты. "Чыныгы кызыгуу бар, ал абалды өзгөртүшү мүмкүн", – деди Блинкен.

Associated Press агентиги белгилегендей, араб өлкөлөрү менен Түркиянын Газаны калыбына келтирүүгө даярдык көрүүгө макулдук бергени – алардын позициясы өзгөргөнүнөн кабар берүүдө. Буга чейин бул өлкөлөр АКШнын мындай чакырыктарын четке кагып, алгач ок атуу токтоп, Газадагы палестиналыктардын абалын жакшыртууну талап кылып келишкен.

Энтони Блинкен 9-10-январь күндөрү Израилдин жана Палестин автономиясынын башчылары менен жолугуп, алар менен Түркиянын, Иорданиянын, Катардын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Сауд Арабиясынын сунушун талкуулайт. Мамлекеттик катчы аймактагы сапарын Египетке барып, бул өлкөнүн президенти менен жолуккандан кийин аяктайт.

Бул Блинкендин акыркы үч айдын ичинде Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жасаган төртүнчү сапары болуп калды. Америкалык эксперттердин айтымында, Ак үйдүн башкы максаты Изарил менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжалдын аймактык согушка айланып кетишине жол бербөө.

XS
SM
MD
LG