Ссылки доступа

Германияда ИМ тобун каржылоо шеги менен Орусиянын эки жараны кармалды


Германиянын Федералдык прокуратурасы "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобун колдоо жана каржылоо шеги менен Орусиянын эки жараны кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, Абдулрашит жана Сурхо аттуу жарандар (Германияда сот өкүмү чыкканга чейин шектүүлөрдүн фамилиялары айтылбайт) Гамбург шаарында жана Шлезвиг-Гольштейн аймагында кармалган.

"Свобода" радиосу Германиянын Федералдык прокуратурасына шилтеме кылып кабарлагандай, орус жарандары 2022-жылы үчүнчү тараптар түзгөн кылмыштуу уюмга мүчө болуп киришкен. Анын максаты Германияда жана Европанын дагы эки өлкөсүндө ИМ тобу үчүн акча топтоо болгон. Алар каражатты социалдык түйүндөр аркылуу чогултуп, ИМ мүчөлөрүнүн бирине берип турушкан. Бул каражат негизинен топтун камактагы мүчөлөрүн жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого жумшалып келген.

Федералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, шектүүлөр мындай жол менен жалпысынан 25 миң еврого жакын каражат топтошкон.

XS
SM
MD
LG