Ссылки доступа

ХАМАС Газада ок атышууну токтотууга макул болду


Газа сектору
Газа сектору

АКШ жана Евробиримдик террорчу деп тааныган палестиналык ХАМАС тобу Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга макул болду. Бул тууралуу Би-Би-Си жихадчылардын билдирүүсүнө таянуу менен кабарлады.

ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысы Исмаид Хания Катардын премьер-министрине жана Египеттин Чалгындоо кызматынын башчысына телефон аркылуу чечим жөнүндө маалымат берди. Келишимдин чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Доха менен Каир Израил туткундарын түрмөдөгү палестиналыктарга алмаштырууну камтыган келишимге ортомчулук кылышууда. Буга чейин Катар менен Египеттин өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча тиешелүү сунуштарды ХАМАСка жеткирген.

Израилдин расмий өкүлү Reuters агенттигине берген мегинде ортомчулар палестин тарапка Египеттин "жумшак" сунушун жеткиргенин айтты. Бул Израил үчүн кабыл алынгыс нерсе. Израилдин жообу тууралуу башка маалымат айтыла элек.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 34 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG