Ссылки доступа

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы акцияларда дагы 11 киши кармалды


Мекеменин маалыматына караганда, кагылышуулар маалында бир полиция кызматкери жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Girchi-Meti Tavisupleba либертариан партиясынын лидери Зураб Жапаридзе 17-апрелге караган түнү парламент имаратынын алдында кармалган адамдар сабалганын билдирди.

Акция катышуучулары полиция эч эскертүүсүз эле элге, анын ичинде журналисттерге ашыкча күч колдонгонун айтып жатышат.

Paper Kartuli белгилегендей, парламенттен депутаттар чыгууга аракет кылган учурда чогулгандарга каршы көздөн жаш агызчу газ колдонулду. Мындан тышкары акция өтүп жаткан жерге суу чачуучу автоунаалар да алып келинген. Tbilisi life телеграм-каналынын маалыматына караганда, парламенттин айланасына топтолгон адамдарды таркатуу үчүн катуу үн чыгаруучу замбиректер коюлган. Башка маалыматтарга ылайык, алар байланышты өчүрүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

Тблисиде "чет элдик агент" мыйзамсына каршы акциялар кечээ да өтүп, 14 киши кармалганы кабарланган. Эки күндүн ичинде кармалгандардын жалпы саны 25 кишиге жетти. Алардын көбүнө "Майда бейбаштык" жана "Бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө" беренелери боюнча айыптар тагылган. ИИМден билдиришкендей, кармалган жарандар "коомдук тартипти бузуп", "укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбай, аларга каршылык көрсөтүп, жаман сөздөрдү айтышкан".

Сырттан каржыланган жарандык коом уюмдарын чектеп, аларды "чет өлкөлүк агент" деп жарыялоо тууралуу мыйзам долбоорунун оппоненттери ал Орусиянын бийликти көзөмөлдөгөн, сындаган оппозицияга жана эркин медиага басым жасоо үчүн кабыл алынган мыйзамына окшош экенин айтып келишет.

"Чет элдик агент" тууралуу мыйзам постсоветтик өлкөлөр арасында Орусиядан кийин Казакстанда кабыл алынган. 2-апрелде ушундай эле мыйзам Кыргызстанда да иштей баштады. Адатта мындай аныктамага бийликтин ачыктыгын, калыс иштешин талап кылган, көйгөйлөрдү ачык айткан уюмдар жана адамдар туш болот.

XS
SM
MD
LG