Ал ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде Каримов менен болгон алгачкы жолугушуусун, маектерин жана өз ара мамилесин, күтүлбөгөн окуяларды, анын ичинде Каримовдун үй-бүлөлүк иштерине аралашканын, анын ичинде кызы Гүлнара менен атасын жолуктурууга жардам бергенин айтып берген.
"Жаңы жылдын эртеси Каримовго кызынын өтүнүчүн айтууга жетиштим. Бир канча убакыттан кийин Гүлнара мага сүйүнүп кат жазып, жолугушуу белгиленгенин билдирди. Кийинчерээк Гүлнара жолугушуу анча деле жакшы өтпөгөнүн, атасы ачууланып тапичкеси менен чапканын айтты. Ошондон кийин Гүлнараны бир да жолу көргөн эмесмин", -деген Жорж Крол.
52 жаштагы Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ысырап кылуу", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" беренелери менен айып коюлуп, 2020-жылы 13 жылга эркинен ажыратылган.