Ссылки доступа

БУУнун башкы катчысы Зеленский менен Мариуполдогу эвакуацияны талкуулады


БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Украинага жасаган сапарында Мариуполь шаарынын тургундарын эвакуациялоо – талкууга алынган негизги темалардын бири болду.

Киевде Украина президенти Владимир Зеленский менен маалымат жыйынын өткөргөн Гутерриш Мариуполдогу “Азовсталь” заводунда камалоодо калган кишилерди эвакуациялоону иш жүзүнө ашыруу үчүн болгон күчүн жумшай турганын айтты. Ал эвакуация боюнча сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурабасын деген таризде бул боюнча кенен маалымат берген жок. Ошол эле маалда Гутерриш Москвадагы сапарында Орусия президенти Владимир Путин жай тургундарды эвакуациялоого БУУ менен Кызыл Чырым уюмунун катышуусуна макулдук бергенин айтты.

Ар кыл эсептерге ылайык, "Азовсталь" заводунда 1,5 миңден 3 миңге чейин украин аскери бар. Алардын көбү "Азов" полкунун жана 36-деңиз аскерлер бригадасында кызмат кылгандар. Мындан тышкары Мариуполдогу бул өндүрүштүк жайда жүздөгөн жайкын тургундар да баш калкалап жатканы кабарланууда.

Антониу Гутерриш Москванын Украинага каршы согушун “акылга сыйбаган” иш деп атады. 28-апрелде баш катчы Киевдин четиндеги шаарчаларды, анын ичинде Буча жана Бородянканы да көрүп чыкты. Ал жерлерде апрелдин башында, орус аскерлери чегинденден кийин кыйноолордун белгилери бар көптөгөн кишинин сөөктөрү табылган.

БУУнун башкы катчысы Киевде жүргөндө украин борбору бир нече жолу ракеталык чабуулга кабылды. Сокку кайсы объектилерге жасалганы, курмандыктардын бар-жогу расмий айтылган жок. Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Гутерриш жөнүндө: “Кечээ эле ал Москвада узун үстөлдө отурган, бүгүн болсо чакырым аралыкта жарылуулар угулуп жатат. Бул Москвадан открыткабы? ” -деп жазды.

XS
SM
MD
LG