Ссылки доступа

ХАМАС Дохада өтө турган сүйлөшүүгө катышпай турганын билдирди


ХАМАСтын жетекчилигинин мүчөсү Би-Би-Сиге бул топ Газадагы элдешүү жана барымтадагыларды бошотуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөргө катышпай турганын билдирди. ХАМАС АКШ, Улуу Британия жана ЕБде экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилген.

Хамас менен Израилдин ортомчулар аркылуу сүйлөшүүлөрү 15-август, бейшемби күнү Катарда кайра башталышы керек. Израиль ага катышарын ырастады.

ХАМАС натыйжасыз, куру сүйлөшүүгө катышууга ниети жок экенин билдирди.

Би-Би-Синин маектешинин айтымында, Палестина тарап «жол картасын», келишимдерди ишке ашыруунун конкреттүү планын көргүсү келет. Бул план АКШнын президенти Жо Байдендин май айындагы сунуштарына негизделиши керек, деп билдирди Хамастын жетекчилигинин мүчөсү.

Израилдин делегациясы Газа тилкесиндеги элдешүү жана туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышарын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси шаршемби күнү ырастады.

Сүйлөшүүлөр Катардын борбору Дохада өтөт. Израилдин маалымат каражаттары мурда кабарлагандай, Дохага Изарилдин "Моссад" чалгын кызматынын башчысы Дэвид Барнеа, "Шин Бет" коопсуздук кызматынын башчысы Ронен Бар, ошондой эле Нетаньяхунун кеңешчилери жана Израилдин коргонуу күчтөрүнүн өкүлдөрү барат. AFP өз булагына таянуу менен жыйынга ЦРУнун директору Уильям Бернс да катышарын билдирди.

XS
SM
MD
LG