Хантер жакында эле мыйзамсыз курал сатып алуу иши боюнча күнөөлүү деп табылгандан кийин дагы бир сот жараянынан качуу жана үй-бүлөсүнүн азабын жеңилдетүү үчүн күнөөсүн мойнуна алууну чечкенин билдирди.
Хантер Байден 1,4 миллион доллар салык төлөөдөн качуу иши боюнча сот арачыларын тандоо башталганга чейин прокурорлор менен келишим түзбөстөн күнөөсүн мойнуна алган.
Associated Press агенттигинин маалыматына ылайык, салык иши боюнча териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Хантер Байдендин чет элдик бизнес келишимдери тууралуу коомчулукту нес кылган далилдер жана деталдар ачыкка чыгып, республикачыларга Байдендин үй-бүлөсүн коррупциялашкан деп көрсөтүүгө мүмкүндүк түзүлөрү күтүлүп жаткан.
"Мен үй-бүлөмдү дагы азапка салып, ички ишине аралаштырып, ашыкча ыңгайсыз абалга алып келгим келбейт", – деди Хантер Байден күнөөсүн мойнуна алгандан кийин. – Алар мен үчүн эмнени гана баштарынан өткөргөн жок, ошондуктан мен аларды мындан куткаруу үчүн күнөөмдү моюнга алууну чечтим".
Айыптоо документтерине караганда, 2016-2020-жылдар аралыгында Байден чет элдик бизнес келишимдеринен, анын ичинде украиналык Burisma газ компаниясынын директорлор кеңешинде иштегени жана Кытай инвестициялык фондуна катышканы үчүн 7 миллион доллардан ашык киреше тапкан.
Документте президенттин уулу “салык төлөмдөрүн төлөөнүн ордуна миллиондогон долларларды майкөл-сүткөл жашоо үчүн короткон”.
Судья тогуз пункттан турган айыптоонун ар бирин окуп жатканда Хантер Байден дароо "күнөөлүүмүн" деп жооп берип жатты. Андан кийин бул кызматка мурдагы президент Дональд Трамп тарабынан дайындалган судья Марк Скарси кенже Байден 15 жылга эркинен ажыратылып, бир миллион долларга чейин айып пул төлөшү мүмкүн экенин жарыялап, өкүмдү 16-декабрга белгиледи.