Алар пара талап кылуу жана башка кылмыштар боюнча айыпталууда.
Эмчек рагы менен ооруган Хакимова сентябрь айында төрөп, медициналык жардамга муктаж. Укук коргоочулар бийлик азыркы режимди сындагандардын оозун басуу үчүн ойдо жок кылмыш иштерин козгоп жатканын айтышууда.
Наргиз Келдиёрова "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган" деп да айыпталууда.
HRW Өзбекстан өкмөтүн мыйзамсыз камалган бардык активисттерди бошотууга жана сөз эркиндигин касыз кылуу боюнча милдеттенмесин кайра карап чыгууга чакырат.