Уюм өз билдирүүсүндө 2022-жылдын май айында автоном облустун Хорог шаарында жана Рушан районунда нааразылыкка чыккандар “ырайымсыздык менен таркатылганын” белгилеп, Тажикстандын эл аралык өнөктөштөрүн бул окуяларды унутпоого жана расмий Душанбеден ал боюнча жооп талап кылууга чакырды.
Тажик бийлиги бул кандуу окуяларды “антитеррордук операция” деп атаган. Бирок укук коргоочулар ал эркин ойлонгон активисттерди күч менен басуу аракети болгонун айтып келишет.
2022-жылдын май-июнь айларында Тоолуу Бадахшанда нааразылык акциясына чыккандарга бийлик күч колдонуп баскан. Акцияга 16-майда акыйкаттык издегенин айткан жаштардын тобу Бархоруг кичи районунан Хорог шаарын көздөй жүрүш баштаганы себеп болгон.
Алар 2021-жылдын ноябрында Хорогдо өткөн митинг учурунда өлтүрүлгөн үч киши боюнча тергөөнүн калыс жүрүшүн, Хорогдун мэринин жана облус башчысынын иштен кетүүсүн талап кылышкан. Бийлик аларга каршы желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, бир демонстрант каза болгон.
17-май күнү нааразылык толкуну Хорогдон Рушан районуна жеткен. Эртеси бийлик “террорчулукка каршы операциясын” баштап, күч кызматкерлерине кол салуу болгонун, митингчилер Тажикстан менен Кытайды байланыштыруучу жолдун эл аралык тилкесин бууганын билдирген.
Расмий маалыматка караганда, операция башталган күндөн тартып 17-июнга чейин Рушан менен Хорогдо 16 адам каза болгон. Бирок БУУнун дипломаттарынын баяндамасында 40ка жакын адам өлгөнү айтылган. Бүгүнкү күндө "Озоди" радиосунун аракети менен каза болгон 34 адамдын аты-жөнү такталды. Алар 30 жаштан 57 жашка чейинки курактагылар, негизинен Рушан районунун тургундары.
Өлкө президенти Эмомали Рахмон "өкмөттүн башка аргасы жок болгонун", демонстранттарды тыюуга, мүмкүн болсо кармоого буйрук бергенин 2022-жылдын 18-июнунда билдирген.
Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму 2023-жылдын сентябрь айында тажик бийлигин "сөз эркиндигине, биригип тынч жыйын өткөрүүгө болгон укугун ишке ашыргандыгы үчүн гана кармалган бардык памирлик активисттерди жана укук коргоочуларды тез арада жана эч кандай шарт койбостон бошотууга" чакырган.
Тоолуу Бадахшан – Тажикстандын чыгышындагы 250 миңдей адам жашаган бийик тоолуу аймак. Калкынын көбү этникалык памирликтер, алар памир тилдеринде сүйлөп, шии исламдын исмаилит багытын карманышат жана канзаада Карим Ага Хан IVнү руханий лидер деп эсептешет.