Ссылки доступа

"Ислам мамлекети" лидери өлүп, жаңысы дайындалганын билдирди


Мосул - ИМдин мурдагы борбор шаары

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө террордук уюм деп табылган "Ислам мамлекети" (ИМ) тобу 30-ноябрда лидери Абу Хасан аль-Хашими аль-Кураши өлгөнүн билдирди.

Соцтармактардагы ИМге байланышы бар аккаунттар жарыялаган билдирүүлөрдө Абу Хасан аль-Хашими согушта өлгөнү жазылган. Бирок анын качан жана кайсы жерде каза болгону кабарланган эмес.

Билдирүүдө ИМдин жаңы лидери Абу аль-Хусейн аль-Хусейни аль-Кураши болгону айтылат. Ал "Ислам мамлекети" террордук тобун жетектеген аль-Кураши ысымын алып жүргөн үчүнчү лидер болуп калды. Анын мурдагы эки лидер менен тууганчылык байланышы тууралуу маалыматтар жок.

Абу аль-Хусейн аль-Хусейни аль-Кураши ИМ тобунун төртүнчү лидери болду. Алгачкы экөө - Абу Бакр аль-Багдади менен Абу Ибрагим аль-Хашеми аль-Кураши америкалык аскерлердин операциясы учурунда жок кылынган. Абу Ибрагим аль-Курашинин өлгөнүн быйыл 3-февралда АКШнын президенти Жо Байден маалымдаган.

"ИМ" тобу 2010-жылдары Ирактын жана Сириянын басымдуу аймактарын көзөмөлдөп турган. АКШ менен анын союздаштарынын, Ирак, Түркия жана Орусия колдогон Сириянын өкмөттүк армиясынын, ошондой эле оппозициялык күчтөрдүн аскерлеринин чабуулдарынан талкаланып отуруп, күчүн жоготкон.
Учурда алар партизандык аракеттерге өткөн. Бул топтун тарапташтары Африкадагы мусулман өлкөлөрүндө согуш чыгарып, кез-кезде Европа өлкөлөрүндө теракттарды уюштуруп келет.

Видео

XS
SM
MD
LG