Ссылки доступа

Илон Маск сөз эркиндиги чектелгенин күбөлөндүргөн файлдарды жарыялайт


Илон Маск
Илон Маск

Twitter'дин жана Tesla'нын ээси Илон Маск жакында компанияларда сөз эркиндиги чектелгенин күбөлөндүргөн файлдарды жарыялай турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн микроблогуна жазды.

"Коомчулук чынында эмне болгонун билүүгө татыктуу", – деп жазды Маск. Ошол эле маалда ал жарыялана турган документтерде эмнелер болорун тактап айткан жок.

Дүйшөмбү күнү Илон Маск Apple компаниясы Twitter'ди App store тиркемелер-дүкөнүнөн бөгөттөй турганын айтып коркутуп жатканын билдирген. Мындан тышкары ал Apple жарнамаларын Twitter'ге жайгаштырууну дээрлик токтотконун, мындай жол менен компания контентти модерация кылуу талабы үчүн Twitter'ге басым жасап жатканын жазган.

"Apple Twitter'ге жарнама жайгаштырууну дээрлик токтотту. Алар Америкадагы сөз эркиндигин жек көрүшөбү?", - деп жазган Маск. Андан кийинки билдирүүсүндө ал IT-корпорациясынын башчысы Тим Куктун аккаунтун белгилеп, "Эмне болуп жатат?" деген тег менен суроо узаткан.

Reuters агенттиги азырынча Apple журналисттердин бул боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере электигин жазды. Басылманын маалыматына караганда, Apple корпорациясы буга чейин да контент жайгаштыруу эрежелери сакталышы керектигин айтып, App store'дон Gab жана Parler тиркемелерин алып салган. Америкалык консерваторлордун арасында популярдуу болуп эсептелген Parler тиркемеси былтыр апрелде Apple'дин тиркемелер-дүкөнүнө кайра кошулган.

Илон Маск Twitter'ди өткөн айда 44 миллиард долларга сатып алып, компанияда иштеген кызматкерлердин дээрлик жарымына жакынын иштен кетирип, калгандарына "эми мурдагыдан көбүрөөк иштөөгө туура келерин" эскерткен. "Медуза" басылмасы кабарлагандай, бул окуялардын фонунда Twitter'ден платформанын иши үчүн өтө маанилүү болгон көптөгөн кызматкерлер кетип калган.

XS
SM
MD
LG